Өлкөдө тамеки, таттуу суусундуктар жана ичимдик эки эсеге кымбатташы мүмкүн

 Өлкөдө тамеки, таттуу суусундуктар жана ичимдик эки эсеге кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда спирт ичимдиктери, тамеки каражаттары жана таттуу суусундуктар кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

“Бүгүнкү күндө бизде спирт ичимдиктери, тамеки жана таттуу суусундуктар зыяндуу продукцияга кирет. Буга байланыштуу министрлер кабинети, Экономика министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте акциздик төлөмдөрдү акырындык менен көтөрүү боюнча иш алып барууда. Биринчи кезекте бул калктын ден соолугу менен байланыштуу, анткени ичимдик, тамеки жана таттуу суусундуктар адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирет.

Мындан тышкары, буга чейин белгиленгендей саламаттык сактоо тутуму бул көйгөйдү жалгыз чече албайт. Биз комплекстүү ыкманы колдонуп жатабыз, ага бардык тиешелүү ведомстволор катышат”, – деди ал.

Сейитов ошондой эле бул чара эл аралык тажрыйбага негизделгенин белгиледи.

“Көптөгөн өлкөлөрдө акциздерди жогорулатуу, маркировкалоо жана башка экономикалык тоскоолдуктар зыяндуу товарларга жетүүнү чектөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле жаш курагына, убактысына байланыштуу жана техникалык чектөөлөр бар, алар мындай продукциялардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөгө жардам берет”, – деп кошумчалады министрдин орун басары.

Анын айтымында, Кыргызстанда кийинки жылдын башында алкоголдук ичимдиктердин, тамеки каражаттарынын жана таттуу суусундуктардын баасы олуттуу түрдө, болжол менен 1,5-2 эсеге жогорулашы мүмкүн. “Бул чаралардын негизги максаты – калктын ден соолугун коргоо жана өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн чыңдоо. Адам канчалык ден соолугу чың болсо, ал ошончолук узак жашайт жана мамлекеттин өнүгүшүнө ошончолук көп салым кошот”, – деп баса белгиледи Чоро Сейитов.

Связанный пост