Өлкөдө тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар эң көп кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын январында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 0,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, тамак – аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 1,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки – 0,7 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер – 0,6 пайызга баалардын жогорулашы белгиленди. Ошону менен бирге, азык-түлүк эмес товарларга баалар, тескерисинче 0,2 пайызга төмөндөдү.
Үстүбүздөгү жылдын январында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык региндорунда белгиленди. Мында баалардын 1,8 пайызга максималдуу өсүшү тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 2,2 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 4,3 пайызга баалардын жогорулашынын эсебинен Ош облусунда катталды.
Ошондой эле азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң чоң өсүшү 0,3 пайызга Ысык – Көл облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер 2,3 пайызга Ош шаарында катталды.