Өлкөдө “Рулда” аталышындагы ири масштабдагы рейд башталды
Өлкө аймагында “Рулда” аталышындагы ири масштабдагы рейд башталды.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, рейд айдоочулардын жолдо жүрүүдө жоопкерчилигин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында 24-октябрдан 27-октябрга чейин өтмөкчү.
Рейд учурунда мас абалында унаа башкаргандарга, катуу ылдамдыкта айдагандарга, ошондой эле жасалма номерлерди тагып жүргөндөргө карата тиешелүү чаралар көрүлөт.
Айрыкча түнкүсүн жарандардын тынчын алып, уйку бербей, автоээнбаштык жана авто-жарыштарды уюштурган айдоочуларга мыйзамга ылайык катуу чаралар колдонулат.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.