Өлкөдө мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү маселеси талкууланды

 Өлкөдө мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү маселеси талкууланды

Агартуу министрлигинде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП) жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

 

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Алберт Махметкулов, министрликтин тийиштүү башкармалыктарынын башчылары, ДАТПнын Кыргызстандагы мектепте тамактандыруу программасынын башчысы Ли Джунель жана Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча улук адиси Гүлмира Султанова катышты.

 

Жолугушууда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун бала бакчалардын санын көбөйтүү, кенже курактагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу маселелери талкууланды.

 

Министр Кендирбаева жаңы салынган мектептерде окуучулардын саны аз болгон учурларда имараттын бош бөлүгүн бала бакча катары пайдалануу – учурдун талабы экенин белгиледи. Ошондой эле иштеп жаткан бала бакчалардын имараттарын оптимизациялоо, башкача айтканда, уктоочу бөлмөлөрдүн ордуна ойноочу жайларды уюштуруу аркылуу тайпалардын санын көбөйтүү боюнча сунуштар айтылды.

 

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы пилоттук негизде 15 бала бакчаны керектүү ашкана жабдуулары менен камсыздоого даяр экенин билдирди.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана пландалган иштерди өз ара шайкеш келтирүү боюнча бир катар конкреттүү чечимдерге келишти.

Связанный пост