Өлкөдө мас абалында унаа башкаргандардын саны азайды

 Өлкөдө мас абалында унаа башкаргандардын саны азайды

Орозонун күнүндө мас абалында унаа башкаргандардын саны кескин азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-марттан 16-мартка чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 280  жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 718;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 88;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 109;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-357;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3766;
  • авто ээнбаштык 19;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4883;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 14 335;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 230 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост