Өлкөдө малдын 30дан ашык ылаңына эл аралык стандартка ылайык так диагноз коюлат
Кыргызстанда малдын 30дан ашык ылаңына эл аралык стандартка ылайык так диагноз коюлат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынынын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору мамлекеттик мекемесинин 12 ветеринардык лабораториясы эл аралык стандарттарга шайкеш келгени үчүн аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, бүгүнкү күндө толук кандуу иш жүргүзүп келет.
Бул өлкө аймагында ветеринардык коопсуздукту камсыздоо, жаныбарлардын ылаңдарын өз убагында аныктоо жана алдын алуу иш-чараларын жогорку деңгээлде жүргүзүүгө өбөлгө түзүүдө.
Аталган борбордун курамындагы Вирусология жана молекулярдык диагностика бөлүмү заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жаныбарлардын вирустук оорулары боюнча так жана ишенимдүү диагностикалык изилдөөлөрдү активдүү жана пассивдүү мониторинг жүргүзүп келет.
Бөлүм шарп, кутурма, кой-эчкинин кыргыны, блутанг, канаттуулардын ларинготрахеити, жылкынын Африкалык кыргыны, жылкынын ринопневмониясы, канаттуулардын тумоосу, бодо малдын лейкозу, нодулярдык дерматит, кой-эчкилердин күл ылаңы, чочколордун классикалык жана Африкалык кыргыны, канаттуулардын Ньюкасл ылаңы сыяктуу жана башка 30дан ашык ылаңдарды аныктап, алардын диагнозун так коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Эл аралык деңгээлде аккредитацияланган бул лабораториянын иши өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун бекемдөөгө, айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.