Өлкөдө майыптыктын деңгээлин аныктоо боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирет

2025-жылдын сентябрь айынан тарта Кыргызстанда майыптыктын деңгээлин аныктоо боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирет. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, бул чечим Юстиция министрлиги Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен биргеликте даярдаган мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу программасынын бир бөлүгү. Жаңылыктар жарандар үчүн эң сезимтал болгон маселелердин бирине — майыптык мөөнөтүн белгилөө тартибине тиешелүү.
Бүгүнкү күндө жарандар майыптыкты тастыктоо үчүн медициналык-социалдык экспертизадан улам-улам өтүүгө мажбур. Оор жана кайтарылгыс оорулары бар жарандарга да I топтогу майыптык убактылуу гана берилет. Бул бюрократияга, стресске жана жарандардын өздөрүнө да, дарыгердик комиссияларга да ашыкча жүк алып келет.
Министрлер кабинетинин токтому дал ушул көйгөйдү чечүүгө багытталган. Эми:
- I топтогу майыптык жети жылга белгиленет;
- II топ – төрт жылга;
- III топ – эки жылга.
Жаңы эрежелер боюнча жарандын ден соолугу жакшырган учурда өзү же анын өкүлү майыптыкты мөөнөтүнөн мурда алып салуу тууралуу өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын башында Кыргызстанда 217 миңден ашуун майып адамдар катталган. Анын ичинде I топтогу майыптык көбүнчө төмөнкү оорулар боюнча коюлган: кыймылсыздыкка алып келген инсульттар, оор формадагы балдардын церебралдык шал оорусу, өнөкөт склероздун акыркы стадиясы, эки же андан көп бут-колдун ампутациясы, толук сокурлук же дүлөйлүк, гемодиализге туруктуу муктаждык. Бул оорулар кайтарылгыс деп эсептелет, ошондуктан майыптыкты жыл сайын тастыктоо зарылдыгы жарандар үчүн негизсиз сыноого айланып келген.
Жаңы эреже эксперттик комиссиялар үчүн да жеңилдик алып келет – алардын ресурстары эми чындап экспертиза талап кылынган учурларга жумшалат. Бул ыкма дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө мурда эле ишке ашкан: Германия, Канада, Швеция, Казакстан, Россия сыяктуу мамлекеттерде кайтарылгыс ооруларда майыптык узак мөөнөткө же түбөлүккө белгиленет. Эми бул заманбап принцип Кыргызстанда да иштей баштайт.
Белгилей кетсек, бул долбоор бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт жана коомдук талкуудан эч кандай каршы пикирлерсиз өткөн.