Өлкөдө майыптыгы барлар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйдү

 Өлкөдө майыптыгы барлар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйдү

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин саны 14 906 адамга жетип, аларга 793 млн сомдон ашуун каражат төлөндү.

Майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 15 225ти түздү, анын ичинен 9 582си — 18 жашка чейинки балдар, 5 643ү — чоң адамдар.

Белгиленгендей, 2024-жылдын 1-июлуна карата 14 537 жеке ассистентке – 635 млн сом которулган. Ал кезде майыптыгы бар адамдардын саны 14 848 болгон.

“Төлөмдөрдүн жана жеке ассистенттердин санынын өсүшү — майыптыгы бар адамдарды колдоо жана камкордук менен камсыз кылуу багытында мамлекеттин аракеттеринин жыйынтыгы”, — деп белгилешти министрликтен.

Связанный пост