Өлкөдө майыптуулугу барлардын жеке ассистенттерине 527 млн сом төлөндү

Кыргызстанда майыптуулугу бар жарандардын жеке ассистенттерине 527 млн сомдон ашык акча төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-майга карата өлкөдө 14 миң 805 жеке ассистент иштейт. Жалпы сумма 527 млн 246 миң 336 сомду түздү (камсыздандыруу жана банк чыгымдарын эске алуу менен).
Жалпысынан өлкөдө туруктуу жардамга муктаж 15 125 майыптуулугу бар адамдар катталган, алардын 9 546сы 18 жашка чейинки балдар жана 5 579у бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар чоңдор.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын ушул мезгилинде 14 411 ассистент жалпы суммасы 421 898 878 сомго төлөмдөрдү алышкан. Анда муктаж болгондордун саны 14 712 адамды түзгөн (анын ичинде 9 551 – балдар, 5 161 – чоңдор).