Өлкөдө коон-дарбыз саткан атайын аянтчалар уюштурулат

Өлкөнүн бардык аймактарында дарбыз, коон жана жашылча-жемиштерди сатуу үчүн атайын соода аянтчалары ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Соода аянттарын уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда.
“Мындай чара ата мекендик дыйкандар менен фермерлерди колдоого багытталган жана массалык түшүм жыйноо мезгилинде жергиликтүү продукцияны сатууда мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алуу максатында кабыл алынды”, – деп айтылат маалыматта.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн ар бир сатуу аянтчалары боюнча жооптуу кызматкерлер бекитилген. Алар менен алдын-ала байланышып, жайгашкан жери, иштөө графиги жана жайгаштыруу шарттары жөнүндө тийиштүү маалыматтарды алууга болот. Бул дыйкан-фермерлерге логистиканы өз убагында пландаштырууга жана продукцияны ортомчуларсыз, ашыкча чыгымсыз түз сатууга мүмкүндүк түзөт.
Министрлик фермерлерди ар тараптуу колдоого жана агрардык секторду туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулат.