Өлкөдө картошканын орточо түшүмдүүлүгү 165,3 центнерди түзүүдө

Быйыл картошканын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 165,3 центнерди түзүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда картошканы казып алуу жана жыйноо жумуштары уланууда. Ыкчам маалыматтарга ылайык, картошканын эрте жана орто эрте бышкан сорттору 23,1 миң гектар аянттан жыйналып, дүң жыйым 381,5 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 165,3 центнерди түзүүдө.
Эң жогорку түшүмдүүлүк Ысык-Көл облусунда байкалууда – орточо эсеп менен гектарынан 200 центнерден алынууда.
Учурда картошка казуу жумуштары Нарын облусунун Кочкор районунда башталды. Дыйкандардын айтымында, учурда 1 гектардан орточо эсеп менен 180–200 центнерге чейин түшүм алынууда. Аталган райондо картошканын «Джелли» жана «Актриса» сорттору жыйналууда.
Белгилей кетсек, республика боюнча картошканын жыйналуучу жалпы аянты 64,6 миң гектарды түзөт.