Өлкөдө камсыздандыруу компанияларынын 74 пайызы кыргыз капиталына ээ
2025-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстанда 18 камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму иш жүргүзүүдө.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, анын ичинен 13 уюм 100 пайыз кыргыз капиталына ээ жана 5 уюмунда резидент эместердин катышуусу бар.
Камсыздандыруу компанияларынын топтолгон активдери 2024-жылдын 9 айындагы 13,18 млрд сомдон 2025-жылдын 9 айында 14,98 млрд сомго чейин өсүп, өсүш 13,6 пайызды түздү.
Өздүк капитал 28,8 пайызга көбөйүп, бул компаниялардын финансылык туруктуулугунун бекемделгенин көрсөттү.
Кыргыз капиталы бар компаниялардын үлүшүнүн көбөйүшү улуттук финансылык инфраструктуранын бекемделип, ата мекендик камсыздандыруу секторунун чыңдалып жатканынан кабар берет. Бул жарандардын ишенимине жана рыноктун туруктуулугуна оң таасирин тийгизет.