Өлкөдө ишкерлерге 9,3 млрд сомдон ашуун пайызсыз насыя берилди

Финансы министрлиги ишкерлерге 9,3 млрд сомдон ашуун суммада пайызсыз насыяларды берди.
Ведомстводон маалымдашкандай, насыя “Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында берилди.
Өлкөдө 2021-жылдын 31-мартында Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасынын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоору ишке киришкен.
2022-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлер пайысыз насыя ала башташкан. Ошондон бери насыяны 11 миң 765 ишкер алган. Анын ичинде:
- 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 594 ишкерге 5 млрд 700 млн 582 миң 424 сом берилген;
- 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 2 миң 171 ишкер насыя алган.
Жалпы сумма 3 млрд 665 млн 323 миң 100 сомду түзгөн. Долбоор өлкөнүн бардык аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.
Маалымат үчүн: Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:
1-Категория – КР салык мыйзамдарына ылайык иштеген, жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.
2-Категория – КР салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн, жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жана 6 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар.
Долбоордун алкагында айыл чарбасы каржыланбайт, насыя кыргыз сому менен пайызсыз берилет:
- финансылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 36 айга чейин;
- жеңилдетилген мезгилди берүү мүмкүнчүлүгү: 3 айга чейин.
Каржылык жардамдын суммасы:
- 1-категория үчүн – 1 млн сомго чейин;
- 2-категория үчүн – 3 млн сомго чейин.
Керектүү документтердин тизмеси өнөктөш банктар менен такталышы мүмкүн.