Өлкөдө ишкерлерге 125 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилди

 Өлкөдө ишкерлерге 125 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилди

Өлкөдө чакан жана орто ишкерлерге 125,3 млн сомдук жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы апрелде министрлер кабинетинин токтому менен “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоору бекитилген. Долбоордун максаты чакан жана орто ишкердик чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген, жеткиликтүү жана төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү аркылуу экономикалык өсүүгө дем берүү, жакырчылыкты кыскартуу, региондорду, жашыл экономиканы өнүктүрүү болуп саналат.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ААК катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 2025-жылга 500 млн сомду түзөт.

25-сентябрга карата бул долбоордун алкагында 44 каржылоо субъекттерине 125,38 млн сом суммасында каржылоо кредиттери каржыланды.

Связанный пост