Өлкөдө эттин баасын көзөмөлдөө уланат

 Өлкөдө эттин баасын көзөмөлдөө уланат

Кыргызстанда эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартуу этке болгон баалардын мындан ары өсүшүнө жол бербөө, алып-сатарлык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана эт (уй эти жана кой эти, сөөксүз эттен тышкары) рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле калк үчүн бул социалдык маанилүү продукциянын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт.

“Мындай чара ички рыноктун туруктуулугун сактоого жана баалардын өзгөрүлмөлүүлүгү сакталып турган шарттарда жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост