Өлкөдө эт, сүт, жумуртка өндүрүүнүн көлөмү өсүүдө

Өлкөдө эт, сүт, жумуртка өндүрүүнүн көлөмү өсүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-февралына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларда тирүүлөй салмакта 32,09 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 513 тоннага же 1,6 пайызга эт көп өндүрүлгөн.
Эт өндүрүүнүн көбөйүшү республиканын бардык облустарындагы чарбаларда байкалууда, негизи малдын жана үй канаттуларынын санынын өсүшү менен байланыштуу.
Республикадагы мал санактын 2024-жылдын аягына карата жыйынтыгы боюнча, ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 1,5 пайызга, кой жана эчкилердин саны 1,1 пайызга, жылкылардын саны 2 пайызга жана үй канаттуулардын саны 10,5 пайызга өскөн.
Сүт өндүрүү. 2025-жылдын январь айында республика боюнча 85,1 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилге караганда 781 тоннага, же 0,9 пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт. Сүт өндүрүүнүн көбөйүшү республиканын бардык облустарындагы чарбаларда байкалууда, негизи уйлардын саны 1,8 пайызга жана алардын продуктивдүүлүгү 3,4 кг өсүшү (106,5-103,1) менен байланыштуу.
Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде республикада 46 миң 567 даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4093 миң даанага, же 9,6 пайызга көбүрөөк болгондугун көрсөтөт. Жумуртка өндүрүүнүн көбөйүшү республиканын бардык облустарындагы чарбаларда байкалууда, негизи үй канаттуулардын саны 10,5-пайызга өсүшү менен байланыштуу.