Өлкөдө дыйкан-фермерлерге 3,8 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

 Өлкөдө дыйкан-фермерлерге 3,8 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоору боюнча 15-августка карата 6127 насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун көлөмү 3 млрд 839 млн 579 миң сомду түздү.

Анын ичинен “өсүмдүк өстүрүү” категориясы боюнча жалпы 439 млн 719 миң сомго 896 насыя берилди:

  • “Айыл Банк” ААК аркылуу 218 млн 293 миң сомго 453 насыя;
  • “Элдик Банк” ААК аркылуу  221 млн 426 миң сомго 443 насыя.

“Мал чарбачылык” боюнча жалпы 3 млрд 136 млн 690 миң сомго 5088 насыя берилди:

  • “Айыл Банк” ААК аркылуу 1 млрд 371 млн 73 миң сомго 2213 насыя;
  • “Элдик Банк” ААК аркылуу 1 млрд 765 млн 617 миң сомго 2875 насыя.

“Сууну үнөмдөөчү технологиялары” боюнча 17 млн сомго 24 насыя берилди:

  • “Айыл Банк” ААК аркылуу 12 млн 300 миң сомго 17 насыя;
  • “Элдик Банк”  ААК аркылуу 4 млн 700 миң сомго 7 насыя.

“Лизинг” боюнча жалпы 246 млн 170 миң сомго 119 насыя берилди:

  • “Айыл Банк” ААК аркылуу 191 млн 529 миң сомго 95 насыя;
  • “Элдик Банк”  ААК аркылуу 54 млн 641 миң сомго 24 насыя.

Связанный пост