Өлкөдө дыйкан-фермерлерге 3,1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоору боюнча 2025-жылдын июнь айынын башына карата 3 млрд 134 млн 447 миң сом насыя берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпы 5055 дыйкан-фермер жеңилдетилген насыя алды.
Алсак, “өсүмдүк өстүрүү” категориясы боюнча жалпы 410 млн 568 миң сомго 842 насыя берилди. Анын ичинен:
– “Айыл Банк” аркылуу 201 млн 32 миң сомго 420 насыя;
– “Элдик Банк” аркылуу 209 млн 536 миң сомго 422 насыя.
“Мал чарбачылык” боюнча жалпы 2 млрд 536 млн 882 миң сомго 4 113 насыя берилди:
– “Айыл Банк” аркылуу 1 млрд 35 млн 612 миң сомго 1 672 насыя;
– “Элдик Банк” аркылуу 1 млрд 501 млн 270 миң сомго 2 441 насыя.
“Сууну үнөмдөөчү технологиялар” боюнча 14 млн сомго 17 насыя берилди
– “Айыл Банк” ААК, 10200,0 миң сомго 12 насыя;
– “Элдик Банк”, ААК, 4700,0 миң сомго 7 насыя.
“Лизинг” боюнча жалпы 172 млн 97 миң сомго 81 насыя берилди
– “Айыл Банк” аркылуу 117 млн 456 миң сомго 57 насыя;
– “Элдик Банк” аркылуу 54 млн 641 миң сомго 24 насыя.