Өлкөдө чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин жетекчилиги алдында өлкөдөгү чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүүгө арналган жыйын өттү.

Жыйынга министрликтер менен ведомстволордун, ошондой эле каржы институттарынын өкүлдөрү катышты.

Данияр Амангелдиев Кыргызстандын экономикасы акыркы үч жылда туруктуу өскөнүн белгилеп, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында ИДПнын өсүшү 11,7%га жетип, 711 млрд сомдон ашканын айтты. Бул өсүштөгү ИДПнын 37% түзгөн чакан жана орто бизнес сектору маанилүү роль ойнойт.

Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, республикада 16,9 миң ишкана иштейт, анын ичинен 15,9 миңи чакан жана 1 миңи орто. Чакан ишканалардын эң көбү Бишкек шаарында (70,1%) байкалган. Жеке ишкерлердин саны 600 миңден ашат, бул ишкердик активдүүлүктүн өскөндүгүнөн кабар берет.

Бизнести өнүктүрүүнү мындан ары стимулдаштыруу максатында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары чакан жана орто бизнести колдоого багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйындын соңунда Данияр Амангелдиев туруктуу экономикалык өсүштү колдоо үчүн колдонуудагы программаларды өнүктүрүүнүн, кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жана туруктуулугун камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Связанный пост