Өлкөдө бир жумада 23,5 миң айдоочу жол эрежесин бузган

18-августтан 24-августка чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 502 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1006;
- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 273;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 180;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 805;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 215;
- авто ээнбаштык – 41;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 841;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 18;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 997;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 126 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.