Өлкөдө бир жумада 21,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 7-июлдан 13-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча, 21 682 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 677;
- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 274;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 143;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 977;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4010;
- авто ээнбаштык – 65;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 633;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
- ашка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11896;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 991 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.