Өлкөдө бир аптада мас абалында унаа башкарган 312 айдоочу кармалды
2024-жылдын 30-декабрынан 2025-жылдын 5-январына чейин 13 миң 685 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 436;
- Мас абалында унаа башкаруу – 312;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 150;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 1924;
- Авто ээнбаштык – 8;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3114;
- Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 1;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7682;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1361 унаа айып короо жайына токтотулган.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.