Өлкөдө бир аптада 23,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

 Өлкөдө бир аптада 23,6 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

3-ноябрдан  9-ноябрга   чейин өлкө аймагында 23 миң 654 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 1 878;
  • Мас абалында унаа башкаруу – 309;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 138;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 762;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 256;
  • Авто ээнбаштык -24;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 387;
  • Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу – 5;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 694;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 201  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост