Өлкөдө беш жылда өрттөн 248 адам каза болгон
Кыргызстанда өрт – эң көп катталган жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан кырсыктардын бири бойдон калууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, акыркы беш жыл ичинде 18 миң 693 өрт катталып, 248 адам каза болгон.
Ошондой эле бул мезгил аралыгында 300дөн ашык табигый кырсык катталып, анын кесепетинен жалпы 3 171 адам каза болду.