Өлкөдө балдарды колдоо жана демографиялык өсүш маселеси талкууланды

 Өлкөдө балдарды колдоо жана демографиялык өсүш маселеси талкууланды

Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Самман Тапа менен жолукту.

Вежомстводон маалымдашкандай, талкуунун жүрүшүндө эмгек министри төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндөшү боюнча маселени козгоду, бул эмгекке жарамдуу калктын жүгүнүн коэффициентин жогорулатууга терс таасирин тийгизет.

“ЮНИСЕФтин аналитикалык материалдары менен таанышып, балдардын жана жаштардын абалы олуттуу чараларды кабыл алууну талап кыларын көрүп турам”, — деп билдирди министр Сагынбаев.

Министр Канат Сагынбаев мамлекеттик саясаттын ырааттуулук жана мураскерлик принциби сакталарын баса белгиледи. Өз кезегинде өнөктөштөрдөн 3 жашка чейинки бардык балдардын өнүгүүсүн колдоо боюнча жаңы мамлекеттик демилгени изилдөө жана баалоо боюнча демилгелер күтүлүүдө.

“Биргелешкен аракеттер менен биз кыска мөөнөттө эффективдүү чечимдерди иштеп чыга алабыз. Министрликтин башкы милдети – жарандардын социалдык жактан аялуу катмарларын колдоо”, – деп белгиледи министр.

Социалдык кызматкерлерди даярдоо жана окутуу маселелери өзүнчө блок менен каралды. Кыргыз Республикасынын Президенти 2025-жылдын январь айында балдар менен иштөө үчүн 550 штаттык бирдик социалдык кызматкерди бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Алгачкы 280 адис тандалып алынып, 2025-жылдын августунан 13-сентябрына чейин окуудан өтүшүүдө. Калган 270 социалдык кызматкер ЮНИСЕФтин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биргелешкен аракеттери менен жылдын аягына чейин окууну аяктайт.

Тараптар Кыргызстанда социалдык коргоо жана балдарды колдоо жаатында мындан аркы биргелешкен иштер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.

Связанный пост