Өлкөдө азык-түлүктүн баалары төмөндөп, эт рыногунда абал туруктуу

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын башынан бери өлкөдөгү негизги азык-түлүк продуктуларына жүргүзүлгөн баа мониторингинин жыйынтыгын жарыялады.
Ведомстводон билдиришкендей, учурда ун, күрүч, кумшекер жана жумуртка сыяктуу социалдык мааниге ээ товарлардын баалары төмөндөп, калктын азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга шарт түзүлгөн.
Жай мезгилинде, тактап айтканда июнь айынан сентябрь айына чейинки аралыкта сабиз, пияз жана картошка сыяктуу негизги жашылчалардын баалары арзандаганы белгиленди. Бул көрүнүш базарларда жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу экени айтылды.
Ошону менен катар, 2025-жылдын биринчи жарымында этке болгон баанын жогорулашы байкалган. Бирок мамлекеттик жөнгө салуу жана чектөө чараларынын негизинде эттин баасынын өсүшү токтотулуп, учурда эт рыногу туруктуу абалда экени маалымдалды.
2025-жылдын 8-сентябрына карата ири соода түйүндөрүндө төмөнкүдөй орточо баалар катталды:
- Сабиз — 37,5 сом
- Пияз — 32 сом
- Картошка — 42 сом
- Өсүмдүк майы — 144 сом
- Пастерленген сүт — 92 сом
- Жумуртка (10 даана) — 85 сом
- Кумшекер — 72,9 сом
- Капуста — 23,5 сом
Министрлик азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана баалардын туруктуулугун кармоо максатында мониторинг иштерин уланта берээрин кошумчалады.