Өлкөдө азык-түлүк рыногундагы абал туруктуу
Кыргызстанда азык-түлүк рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тышкы факторлор, тактап айтканда энергетикага жана азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын туруксуздугу, логистиканын үзгүлтүккө учурашы жана дүйнөлүк рыноктогу белгисиздиктин күчөшү учурдагы баа басымдарынын негизги себеби болууда.
Баалар боюнча абал
Жыл башынан бери социалдык маанидеги негизги товарлар — ун, нан, сүт, күрүч, кант, макарон азыктары, жумуртканын баасынын өсүшү катталган жок.
Өсүмдүк майына болгон баанын өсүшү импорттук чийки заттын кымбатташы менен байланыштуу. Бирок, запастардын эсебинен тартыштык коркунучу жок. Жаңы түшүмдүн келиши менен баалардын турукташы күтүлүүдө.
Эт (уй, кой эти) боюнча дүйнөлүк баа тенденциясы ички рынокко да таасир берүүдө, учурда кабыл алынган чаралардын эсебинен өсүү темпи көзөмөлдөнүүдө.
Өзүн-өзү камсыздоо — туруктуулуктун кепилдиги
Ички өндүрүш негизги багыттар – картошка, жашылча жана бадыраң-дарбыз сыяктуу өсүмдүктөр, сүт, кант, эт, жумуртка боюнча өлкөнүн муктаждыгын жабууда. Бул тышкы соккулар болгон учурда да жетишсиздик коркунучун азайтат.
Айыл чарба министрлиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар
- Эттин баасын турукташтыруу үчүн малдын экспорту убактылуу токтотулган жана зарыл болгон жерлерде максаттуу жөнгө салынат.
- Өсүмдүк майынын кору түзүлгөн, тартыштык күтүлбөйт.
- Социалдык товарлардын мониторинги: Баалар жана запастар боюнча жума сайын көзөмөл жүргүзүлүп, өзгөрүүлөргө тез реакция кылынууда.
- Өндүрүүчүлөрдү колдоо: Дыйкандар менен кайра иштетүүчүлөргө ички өндүрүштү көбөйтүү жана импортко көз карандылыкты азайтуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
- Кошумча бааларды көзөмөлдөө: Негизсиз баа көтөрүүлөрдү жана адилетсиз соода ыкмаларын алдын алуу.