Өлкөдө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 201 млн сом насыя берилди
9-октябрга карата “Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоору боюнча 201,48 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыяны 57 субъект алды.
Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар катышууда. Каржылоонун жалпы көлөмү 1 млрд 849,56 млн сомду түзөт.
Маалыматка караганда, аталган долбоор азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.