Өлкөдө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында туруктуу өсүш байкалууда

 Өлкөдө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында туруктуу өсүш байкалууда

2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында туруктуу өсүү байкалууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, эсептик мезгилде тамак-аш өнөр жайы, анын ичинде суусундуктар менен тамеки продукциясын өндүрүү ишканаларынын үлүшү кайра иштетүү өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 21,5 пайызын түздү.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын январь-июнь айларында тамак-аш өнөр жайы тарабынан 48 млрд 401,7 млн сомдук продукция (учурдагы баалар менен) өндүрүлгөн. Физикалык көлөмдүн индекси 144 пайызды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүш көлөмүнүн кыйла өскөнүн көрсөтүүдө.

Маалымат үчүн: 2024-жылдын январь-июнь айларында өндүрүш көлөмү 39 млрд 215,9 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 117,7 пайыз болгон. Мындай көрсөткүчтөр сектордун өнүгүүсүндөгү оң динамиканы жана өндүрүштүк активдүүлүктүн жогорулашын тастыктайт. Бул өз кезегинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана кайра иштетүү өнөр жайынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Связанный пост