Өлкөдө айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн саны 26 миңге жакындады

 Өлкөдө айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн саны 26 миңге жакындады

Өлкөдө айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн саны 26 миңге жакындады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-март айына карата жалпы республика боюнча каттоодон өткөн 5 миңден ашык айыл чарба кооперативдери бар. Анын ичинен азыркы күндө иштеп жаткан  753 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө өз ишмердиктерин жүргүзүшүүдө, мүчөлөрүнүн саны 25 миң 670, иштеткен жеринин аянты 54 миң 447 гектарга барабар.

Анын ичинен: Чүй облусунда – 115(32765 га); Ысык-Көл облусунда – 65 (5013 га); Ош облусунда – 101 (4120 га); Жалал-Абад облусунда – 247 (5886 га); Талас облусунда – 83 (1865 га); Нарын облусунда – 64 (2786 га); Баткен облусунда – 78 (2012 га). Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырганда 9 пайызга жогору.

2024-жылдын ичинде 59 айыл чарба кооперативи жаңы түзүлүп айыл чарба өндүрүшүнө ишке кирди. Анын ичинен;

  • Баткен облусунда – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 12;
  • Ош облусунда – 11;
  • Чүй облусунда – 15;
  • Талас облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 3;
  • Нарын облусунда – 8.

2025-жылга 50 жаны айыл чарба кооперативин түзүү пландалган,  бүгүнкү күндө 15 жаңы айыл чарба кооперативи уюшулуп түзүлдү, ал эми 2026-жылга 55 кооператив, 2027-жылга 60 кооператив, 2028-жылга 65 кооператив, 2029-жылга 70 кооперативди түзүү пландалууда.

2024-жылы 8 кооперативге 19,1 млн сомго “Айыл Банк” ААК аркылуу жеңилдетилген кредит, ал эми “Элдик Банк” ААК аркылуу 6 кооперативге 30,32 млн сомго жеңилдетилген кредит берилген.

Связанный пост