Өлкөдө 9 айда 655,3 миң тонна көмүр казылды

 Өлкөдө 9 айда 655,3 миң тонна көмүр казылды

“Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан 2025-жылдын 9 ай ичинде 655,3 миң тонна көмүр казылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин коллегиясында айтылды.

Анда белгиленгендей, “Кыргызкөмүр” ишканасы 2022-жылдан бери кендерди иштетүүгө жана чалгындоого 23 лицензия алган. Учурда алардын төртөө толук кандуу ишке берилген.

-15 лицензия кендерди иштетүүгө;

– 8 лицензия геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө.

Бүгүнкү күндө 6 көмүр кенинде толук кандуу көмүр өндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Калган лицензиялар боюнча чалгындоо жана долбоорлоо иштери алып барылууда.

Күз-кыш мезгилине карата калкты өз убагында арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында, “Кыргызкөмүр” ААК облустарда жайгашкан 126 отун базалары менен келишимдер түзүлүп иштер алынып барылган.

Связанный пост