Өлкөдө 796 айыл таза суу менен камсыздалган
Өлкөдө жалпы 2014 айыл болсо, алардын ичинен 796 айыл ичүүчү таза суу менен камсыздалган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, калган айылдарда таза суу түтүктөрүн оңдоп чыгуу, же болбосо жаңыдан чыгаруу керек.
“Учурда 25 кичи шаарда жана 601 айылда ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Анын ичинен 100дөн ашуун айылда иштер жыйынтыкталды. 200дөн ашуун айылда курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Ал эми 358 айылда айыл өкмөттөр тиешелүү техникалык документтерди даярдап жатышат. Бирок, айрым жергиликтүү бийлик органдарынын иши жай жүрүүдө. Тиешелүү документтер кечиккендиктен, министрликтин да иши токтоп калууда. Эгерде бардык талаптар өз убагында аткарылса, таза суу чыгаруу иштери дароо башталат”, – деди Төрөбаев.
Булак “Кабар” агенттиги