Өлкөдө 7 690 бош жумуш орду бар

2025-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 7 690 бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумуш берүүчүлөр тарабынан эң көп талап кылынган кесиптер жумушчу адистиктерге тиешелүү.
Кызматтар боюнча – 2 408 бош орун бар, алардын арасында:
- мугалимдер (мектепке чейинки жана орто, жогорку окуу жайлар) – 902;
- саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 806;
- социалдык кызматкерлер – 23;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар – 398;
- юристтер – 5;
- экономисттер – 210;
- психологдор – 26;
- инженер – 38;
Жумушчу кесиптер боюнча – 5 282:
- компьютердик адистер (оператор, программисттер ж.б) – 435;
- айыл чарба тармагы – 159;
- соода агенттери (кассир, азык-түлүк эмес сатуучулар ж.б) – 286;
- тигүүчүлөр –471;
- курулуш тармагындагы кызматкерлер – 1 171; (механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.)
- айдоочулар – 785;
- кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер – 1 358 (чач тарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу, жеткирүү кызматтары ж.б.);
- ар тараптуу жумушчулар – 617.
Бош орундарды аймактар боюнча бөлүштүрүү:
- Бишкек шаарында – 4595 бош орун катталган, анын – 3361и жумушчу орундар;
- Ош шаарындаа – 780 бош орун катталган, анын – 573ү жумушчу орундар;
- Баткен облусунда – 600 бош орун катталган, анын – 362си жумушчу орундар;
- Жалал-Абад шаарында – 168 бош орун катталган, анын – 75и жумушчу орундар;
- Ысык-Көл облусунда – 539 бош орун катталган, анын – 335и жумушчу орундар;
- Нарын шаарында – 230 бош орун катталган, анын – 124ү жумушчу орундар;
- Ош облусунда – 358 бош орун катталган, анын – 207си жумушчу орундар;
- Талас облусунда – 144 бош орун катталган, анын – 19у жумушчу орундар;
- Чуй облусунда – 276 бош орун катталган, анын – 226сы жумушчу орундар;