Өлкөдө 3 ветлаборатория эл аралык стандартка ылайык аккредитациядан өттү

Ветеринардык кызматтын “Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору” мамлекеттик мекемесинин алдындагы үч зоналдык ветеринардык лабораториянын Серология бөлүмдөрү Кыргыз аккредитациялоо борборунун аккредитациясынан өттү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада эл аралык стандарттарга шайкеш келген сертификатка ээ болду.
Аккредитациядан өткөн лабораториялар:
- Баткен зоналдык ветеринардык лабораториясынын Серология бөлүмү;
- Каракол зоналдык ветеринардык лабораториясынын Серология бөлүмү;
- Балыкчы зоналдык ветеринардык лабораториясынын Серология бөлүмү.
Бул ийгиликке жетишүү үчүн тиешелүү иш-кагаздар даярдалып, Кыргыз аккредитациялоо борборунун эксперттик тобу тарабынан комплекстүү баалоо жүргүзүлдү. Аккредитация – лабораториялардын ишмердүүлүгүнүн сапатын жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүгүн тастыктайт.
Аталган ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 сертификаты ветеринардык диагностикадагы эл аралык талаптарга жооп берип, дартты так аныктоого жана алынган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, бул жетишкендик өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө, ошондой эле чет өлкөлөргө мал чарбачылыгына байланыштуу продукцияны тоскоолдуксуз чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.