Өлкөдө 22 питомникте мөмө-жемиштин көчөттөрү өстүрүлөт

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында мөмө-жемиш көчөттөрүн өстүрүү менен алектенген 22 субъект расмий түрдө питомник макамын алган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Бул бак-дарак өстүрүү багытын туруктуу өнүктүрүүгө жана жергиликтүү айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү сапаттуу көчөттөр менен камсыздоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Адистештирилген көчөтканалар өлкөнүн бардык аймактарында — Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарында иш жүргүзүшөт. Катталган питомниктердин жалпы аянты 275,5 гектарды түзөт.
Тизмеге ири кооперативдер менен катар, мөмө-жемиш көчөттөрүн — алма, алмурут, өрүк, алча, жүзүм, ошондой эле келечектүү өсүмдүк катары саналган бээристти (облепиха) өстүргөн жекече дыйкан (фермердик) чарбалар да кирет.
Питомник макамын алуу — көчөт өстүрүүчү чарбанын белгиленген талаптарга ылайык экендигин тастыктап, өндүрүштүк базанын, квалификациялуу адистердин болушун жана көчөт материалдарынын сапатына коюлган нормативдердин сакталуусун билдирет. Бул макам питомниктерге көчөт материалдарынын рыногун системалуу өнүктүрүүгө катышууга, керектөөчүлөрдүн ишенимин арттырууга жана келечектеги багбанчылыкты өнүктүрүү программаларына катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Мөмө-жемиш көчөтканаларынын сертификацияланган тармагын өнүктүрүү — багбанчылыкты модернизациялоонун, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун жана айыл чарбасын климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташтыруунун мамлекеттик саясатындагы негизги багыттардын бири болуп саналат.