Өлкөдө 2030-жылга чейин азык-түлүк коопсуздугу боюнча улуттук программа ишке ашырылат

Өлкөдө 2025-2030-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча жаңы улуттук программа ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов БУУнун Азык-түлүк системалары боюнча саммитинде билдирди.
Ведомстводон маалымдашкандай, саммит Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарында өтүүдө. Кыргызстан саммитке активдүү катышуу менен туруктуу өнүгүүнүн максаттарына, агроазык-түлүк системаларын трансформациялоого жана азык-түлүк коопсуздугу менен туура тамактанууну камсыз кылууга болгон бекем умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.
Самат Насирдинов башка өлкөлөрдүн айыл чарба министрлери, БУУ өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар жана эл аралык каржылык институттар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууларда азык-түлүк коопсуздугу, азык-түлүк системаларын трансформациялоо, туруктуу айыл чарба, тамак-аштын сапатын жакшыртуу, инновацияларды киргизүү, айыл чарба секторуна инвестициялар менен климаттык каржылоону тартуу механизмдери боюнча маселелер талкууланды.
Кыргызстан үчүн UNFSS+4 Саммитине катышуу стратегиялык мааниге ээ. Өлкөдө 2019–2023-жылдарга карата Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Программа ийгиликтүү аяктап, 2025-жылы 2025–2030-жылдарга карата жаңы Улуттук программа ишке ашырыла баштайт.