Өлкөдө 2022-жылдын 1-январына чейинки салык карыздары кечирилиши мүмкүн

 Өлкөдө 2022-жылдын 1-январына чейинки салык карыздары кечирилиши мүмкүн

2022-жылдын 1-январына чейин төлөнбөгөн салык карыздары кечирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Биринчи радио” радионун түз эфиринде маалымдады.

Ал учурда Жогорку Кеңеште сунушталып жаткан мыйзам долбоору ишкерлерге жана жарандарга колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле салык жүгүн жеңилдетүү максатын көздөй турганын белгиледи.

“Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда транспорт салыгына байланыштуу жеңилдиктер дагы каралган. Тактап айтканда, мурунку жылдары кечиктирилип калган автоунаа салыгы боюнча карыздар кечирилиши мүмкүн.

Бул демилге салык төлөөчүлөрдү мыйзамдуу талаага кайтаруу, салык системасына болгон ишенимди бекемдөө жана ишкерлерге дем берүүгө багытталууда”, — деди Кубанычбек Ысабеков.

Связанный пост