Өлкөдө өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча ири долбоор ишке ашырылат

Кыргызстанда Дүйнөлүк банк менен биргеликте өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү боюнча ири долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Күн мурун министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилигинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда Азамат Мамбетов өнөктөштөрдүн өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча демилгелерди ишке ашыруу жаатында көрсөтүлгөн жардамдары өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМ Дүйнөлүк банктын командасы менен биргеликте Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана алардын алдын алуу максатында иштеп чыккан “Өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү долбоорун” (CERP) жана аны каржылоо механизмдерин талкуулап, бул демилгенин ишке ашышы менен кризисттик кырдаалдарды башкарууда жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачыларына ишеним артышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү жана өлкөдө табигый кырсыктардын саны өсүп жаткан шартта аймактардын коопсуздугун коргоо үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, өз ара мамилелерди чыңдоо учур талабы экенин кошумчалашты.

Связанный пост