Өлкө боюнча айылдарды таза суу менен камсыздоо иштери уланууда

 Өлкө боюнча айылдарды таза суу менен камсыздоо иштери уланууда

Өлкө боюнча айылдарды таза суу менен камсыздоо иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстар кызматынын “Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеме бүгүнкү күндө айыл калкын борборлоштурулган суу менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда.

Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана курулуш-монтаж иштерин жүргүзүү үчүн 558 айылдын тизмеси түзүлгөн:

– 330 айыл республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырылууда;

– 228 айыл мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында каржыланууда.

Республикалык бюджеттин эсебинен 20 айылда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. Ал эми 73 айылда долбоорлор даярдалууда. 237 айыл боюнча мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана долбоорлорду даярдоо үчүн керектүү алгачкы документтер топтолууда.

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлор боюнча эл аралык жана улуттук программалардын алкагында 228 айыл камтылган:

  • 43 – Нарын облусундагы айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасы;
  • 94 – “Айылды суу менен камсыз кылуунун жана санитариянын туруктуу өнүгүүсү” долбоору;
  • 31 – “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору;
  • 60 – Баткен жана Талас облустарынын айыл жергесинде суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу долбоору.

Мекемеден маалымдашкандай, 100 айылда курулуш-монтаждоо иштери толугу менен аяктап, объектилер пайдаланууга берилди. 67 айылда иштер активдүү жүрүп жатат, ал эми 61 айылда долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу улантылууда.

Связанный пост