Өлкө боюнча 270 миң гектар жер сугарылат

Жазгы ным топтоо иштеринде өлкө боюнча 270 миң га жер сугарылат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата 83,9 км чарба аралык каналдардын механикалык тазалоо иштери аткарылды. Ал эми, 2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2025-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустары боюнча 2025-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча 2025-жылдын 10-майына карата бүткөрүлөт.
Ошондой эле быйыл 500 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 755 гидротехникалык курулмалардын оңдоо, 200 суу өлчөөчү постторду, 91 насостук станцияларды, 156 насостук агрегатты оңдоо, 40 насостук агрегатты алмаштыруу, 272 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштерин аткаруу мерчемделди.
“Жазгы ным топтоо сугатында республика боюнча 270 миң га жерди сугаруу пландалып, сугат 1-мартта башталат”,-деп айтылат маалыматта.