Өлкө аймагында транспорттук көзөмөл күчөтүлдү

Өлкө аймагында транспорттук көзөмөлдүү күчөтүүнүн алкагында текшерүү иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын алкагында, министрликтин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти төмөндөгүдөй текшерүүлөрдү жүргүзүүдө:
- Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин талаптарын сакталышын камсыз кылуу боюнча унаалар менен эл аралык жүк жана жүргүнчү ташууларды көзөмөлдөө;
- Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышын көзөмөлдөө;
- Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөө;
- Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу боюнча салмак-габариттик көзөмөл жүргүзүлөт.
“Урматуу айдоочулар! Транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуудан алыс болууга чакырабыз!”,-деп айтылат маалыматта.