Өлкө аймагында “Кооптуу жүк” жана “Оор жүк” рейддик иш-чаралары өтүүдө

Өлкө аймагында “Кооптуу жүк” жана “Оор жүк” рейддик иш-чаралары өтүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-августтан бүгүнкү күнгө чейин мыйзам бузган тараптарга жалпы 97 млн 973 миң сом айып салынды.

Рейддик иш-чаралар акыркы учурларда оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар тарабынан жол кырсыктары катталып, адам өлүмү менен коштолгон учурлар байкалып жатканына байланыштуу өткөрүлүүдө.

Ошондой эле оор жүк ташыган унаалар шаар ичинде жүрүп, чоң жолдорду булгап, же талкалап койгон учурлар дагы бар.

Связанный пост