Өлкө аймагында бир жумада 388 мас айдоочу аныкталды

 Өлкө аймагында бир жумада 388 мас айдоочу аныкталды

28-июлдан 3-августка чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 24 миң 854 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1 145;
  • мас абалында унаа башкаруу – 388;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 253;
  • өө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар –1 961;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 223;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу 3 766;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 390;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 596 унаа айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост