Өлкө аймагында бир жумада 343 мас айдоочу кармалды

Өлкө аймагында 14-апрелден 20-апрелге чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 607 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 779;
- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 343;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 158;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 380;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3510;
- автоээнбаштык – 17;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3636;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 9;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 15 118;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3014 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.