Өлкө аймагында бир жума ичинде 323 мас айдоочу кармалды

 Өлкө аймагында бир жума ичинде 323 мас айдоочу кармалды

 Өлкө аймагында 21-апрелден тартып, 27-апрелге чейин 22 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, алардын ичинен:

– тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 765;
– мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 323;
– унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 134;
– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 327;
– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3866;
– автээнбаштык – 24;
– белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3521;
– жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу – 6;
– башка жол эрежелерин бузуу фактылары –13 857.

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2862 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост