Өлкө аймагында бир жума ичинде 22 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 17-июлдан тартып, 23-июлга чейин, 22 215 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-298;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -283;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-58;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 269;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 374;
-Авто ээнбаштык – 3;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 599;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 325;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 696 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.