Өлкө аймагында бир жума ичинде 22 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 10-июлдан тартып, 16-июлга чейин, 22 348 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-288;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -218;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-60;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 076;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 880;
-Авто ээнбаштык – 6;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 499;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 315;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 730 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.