Өлкө аймагында бир жума ичинде 19,5 миң жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын октябрь айынын 6-12 чейин жалпы 19 571 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-284
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -312;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-99;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар- 1036;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2706;
-Авто ээнбаштык – 8;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4098;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 841;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1778 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.