Өлкө аймагында -2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн

 Өлкө аймагында -2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 24-25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде аба ырайы 0…-2°ка чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы, жер-жемиштерге коркунучтуу.

Дыйканчылык талааларында үшүп кете турган түшүмдөрдү жылуу жайда кармоо жана үшүк өтүп кеткенден кийин жыйноо сунушталат.

Связанный пост