ӨКМ жарандык коргонуу күчтөрүнүн даярдыгын текшерүүдө
Бишкек Жылуулук электр борборунда жарандык коргонуунун республикалык командалык-штабдык машыгуусу башталды.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чара жарандык коргонуу органдарынын жана күчтөрүнүн жер титирөө жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга даярдыгын текшерүүгө багытталган. Машыгуу 24-октябрга чейин уланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулууда.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев штаб жыйынында сүйлөп жатып, мүмкүн болгон табигый кырсыктарга системалуу даярдыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, борбор калаада алдын алуу чаралары комплекстүү түрдө жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын жээктери тазаланды, жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлдү, таяныч дубалдар курулду. Бул чаралардын аркасында 2025-жылы мурунку жылы байкалган суу каптоо учурларынын алдын алууга мүмкүн болду», – деди мэр.
Машыгууга өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, жарандык коргонуу кызматтарынын, шаардык түзүмдөрдүн жетекчилери жана борбор калаанын төрт административдик районунун башчылары катышты.